• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Бүгүн Бишкектеги үч конушта ичүүчү суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 2-мартта Бишкектеги Ак-Жар, Ак-Бата, Келечек конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2-мартта турак үй, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо объекттери жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде суу болбойт.

Суу "Ак-Жар", "Ак-Бата" суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жарандардан, уюмдардан ичүүчү сууну эртелеп камдап алуусун суранат.

Пикир

Оставить комментарий