• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте КР Эл сүрөтчүсү Муса Абдиев акыркы сапарга узатылды

Коом 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Бүгүн, 9-январда КР Эл сүрөтчүсү, кыргыз киносунун ардагери Муса Абдиев акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага маданият министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Кинематография департаментинин директору Акжол Бекболотов, КР кинематографисттер уюмунун төрагасы Таалай Кулмендиев, кино жана сүрөт искусствосунун көрүнүктүү өкүлдөрү, туугандары катышты.

Эл сүрөтчүсүн акыркы сапарга узатууда анын кыргыз маданиятындагы барандуу орду, жараткан эмгектери, чыгармачылык таланты эскерилди.

Тимурлан Ажымалиев өз сөзүндө Муса Абдиевдин чыгармачылыгына кеңири токтолуп, ал кыргыз киносунун негиздөөчүлөрү М.Убукеев, Т.Океев, Б.Шамшиев жана Г.Базаровдун тасмаларынын жаралышына сүрөтчү-коючу катары зор салым кошконун, биринчи кыргыз тасмасы болгон Л.Шепитьконун “Аптап”, А.Кончаловскийдин “Биринчи мугалим” тасмаларынын каармандарынын костюмдарын өз колу менен жаратканын, өзүнүн зор эмгеги аркылуу Кыргызстандагы жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү кесиптештеринин жана көрүүчүлөрүнүн арасында таанымал, урмат-сыйга ээ инсан болгондугун баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Муса Абдиев 1934-жылы Жалал-Абад облусундагы Орто айылында туулган.

1959-жылы Фрунзе шаарындагы көркөм өнөр жогорку мектебин бүткөндөн кийин, эмгек жолун "Кыргызфильм" киностудиясында баштаган. Адегенде тасмалардын сүрөтчү ассистенти болуп, андан соң сүрөтчү-коючу болуп өмүрүн акыркы жылдарына чейин эмгектенген.

Улуттук киноискусствосундагы мыкты жетишкендиктери үчүн СССРдин кинематографиясынын отличниги, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери жана Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү наамдары менен сыйланган.

Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Пикир

Оставить комментарий