• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын жарандары апостиль мөөрүнүн текстин кыргыз же англис тилдеринде ала алат

Коом 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Кыргызстан жарандары апостиль мөөрүнүн текстин кыргыз же англис тилдеринде ала алат. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкөлөр ортосундагы эл аралык мамилелерде ички документтерди легалдаштыруу системасы атайын апостиль штампын коюу ыкмасы менен кабыл алынган, бул документтердин аныктыгын расмий тастыктоо болуп саналат.

Апостиль үлгүсү КР убактылуу өкмөтүнүн «Чет мамлекеттердин расмий документтерин легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенциянын жоболорун жүзгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому менен бекитилген.

Азыркы учурда апостилдештирүү жол-жобосу Кыргызстанда чоң суроо-талапка ээ.

Алсак, 2023-жылдын 11 айында Юстиция министрлиги тарабынан 35 450 документ апостилдештирилип, 34 460 220 сом суммасында мамлекеттик алым өндүрүлгөн.

Ошону менен бирге КР жарандары Кыргызстанда апостилдештирилген документтерди чет өлкөлөрдө пайдаланууда чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын апостиль штампын жана апостиль штампынын толтурулган текстин мамлекеттик тилден англис тилине которууну жүргүзүү талаптарына туш болушкан. Мындай система кошумча адамдык жана материалдык чыгымдарга жана жарандардын нааразычылыгына алып келчи.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде көрсөтүлгөн кызматтарды жөнөкөйлөтүү максатында КР Юстиция министрлиги тарабынан апостиль штампынын тексти арыз ээсинин каалоосу боюнча мамлекеттик тилинде же англис тилинде жүгүзүлөт.

Англис тилиндеги апостиль штампы, документтин англис тилинде күбөлөндүрүлгөн котормосу бар болгон учурда гана толтурулат.

Маалымдама: Апостиль - документке кол койгон адамдын койгон колунун, кол койгон адам ким катары чыккандыгынын аныктыгын жана тиешелүү учурда бул документ бекитилген мөөрдүн же штамптын аныктыгын ырастаган атайын штамп.

Апостилдештирүү - Кыргыз Республикасынан чыккан расмий документтерге, аларды Гаага Конвенциясына катышкан мамлекеттердин аймактарында көрсөтүү үчүн «Апостиль» штампын коюунун жол-жобосу.

Пикир

Оставить комментарий