• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эл аралык эмгек уюму Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр - КР ТИМи

Коом 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 4-октябрында Кыргызстандынн БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) башкы директору Гай Райдер менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, туруктуу өкүл А.Бейшеналиев Кыргызстан менен ЭЭУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун жогорку деңгээлин белгилеп, ошондой эле Г.Райдерге Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн, анын ичинде Кыргызстандын экономикасы жана эмгек рыногуна COVID-19 пандемиянын таасирин экспресс-баалоо жүргүзүүдө жана пандемиясынын кесепеттерин жоюу боюнча сунуштарды берүүдө ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ЭЭУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана өлкөдө долбоордук иш-чараларды уюштурууну талкуулашып; ошондой эле формалдуу эмес жумуш орундарын кыскартууну, мигранттарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жардам берүүнү, ошондой эле Кыргызстандын эмгек мыйзамдарын эл аралык эмгек стандарттарына ылайык инвентаризациялоо чөйрөсүндө келечектүү багыттар боюнча иш жүргүзүүнү макулдашышты.

Өз кезегинде ЭЭУнун башкы директору Г.Райдер ЭЭУ менен Кыргызстандын ортусундагы кызматташтыгына канааттангандыгын билдирип, уюм өз ишинин алкагында Кыргызстанга ар тараптуу техникалык жана эксперттик жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий