• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек мэриясы жарандардан унааны бак-дарактын астына калтырбоону суранат

Коом 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы борбор калаада кар жаап жаткандыгына байланыштуу айдоочулардан жеке мүлктөрүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бактардын жана жеңил объектилердин жанына токтотпоону суранат.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы белгилегендей, бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болсоңуз, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номерлерине жана борбор калаанын мэриясынын Call-борборуна билдирүү керек: 1840 жана 1850 күнү-түнү, ошондой эле сүрөттөрдү жана видео номерин жөнөтүү зарыл: 0554 -182-185.

"Этият болуңуздар, өзүңүзгө кам көрүп, жылуу кийиниңиздер!", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий