• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Үрөн чарбалардын ишмердүүлүгү боюнча Ош облустук штабдын жыйыны өттү

Аймак 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Үрөн чарбалардын ишмердүүлүгү боюнча Ош облустук штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгунүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун аймагында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында 2022-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан эгиндеринин күзгү себүүсүн жүргүзүү, өз мөөнөтүндө чараларды көрүү жана үрөн чалбалардын ишмердүүлүгү, алардын аткарып жаткан жумуштарын талкуулаган жыйын болуп өттү.

Иш-чарага КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош облусунун аймагындагы үрөн чарба жетекчилери жана агрономдор катышты.

Штабдын жыйынында үч маселе каралды:

1.Үрөн чарбалардын ишмердүүлүгү;

2. Райондордо 2022-жылдын түшүмү үчүн күзгү кылкандуу дан эгиндеринин күзгү себүүсүн өз убагында сапаттуу жүргүзү;

3. Сугат суу маселеси.

Пикир

Оставить комментарий