• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте медициналык мекемелер, бала бакча жана мектептер жылытууга кошулду

Коом 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Бишкекте медициналык мекемелер, бала бакча жана мектептер жылытуу тутумуна кошулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Гидрометеорологиялык борбордун маалыматы боюнча, 3-октябрдан кийинки мезгилде абанын температурасынын төмөндөшү байкалууда, ал акыркы күндөрдө +8 ℃ дан төмөн эмес. Жылытуу мезгилинин башталышы абанын орточо температурасы 5 күн катары менен +8 ℃ дан төмөндөгөндө аныкталат.

"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы буга чейин медициналык мекемелерди, бала бакчаларды жана мектептерди жылытуу системасына кошууну жыйынтыктады. Жылуулук 620 үйдөн 515 турак үйгө, 8 жогорку окуу жайдын 5не берилди. Аталган ишкананын бардык абоненттери 7-октябрдын кечине чейин жылуулук менен камсыз болушат.

"Бишкекжылуулуктармагы" ААКтын маалыматы боюнча, 6-октябрда саат 13:00гө карата 1 миң 348 турак жай, 38 медициналык мекеме, 57 мектепке чейинки мекемелер борбордук жылытуу системасына кошулган. Жалпысынан, компаниянын абоненттеринин 67% ы борбордук жылытуу системасына кошулду.

Эске сала кетсек, ысык суу жана жылуулук бишкектиктердин үйлөрүнө эки уюм тарабынан берилет: Улуттук энергохолдингдин филиалы болгон "Бишкекжылуулуктармагы" ААК жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы.

Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы 620 турак үйдү ысык суу менен камсыздайт. Коммуналдык кызматты алган абоненттердин жалпы саны 33 миң 189 адамды түзөт. Ошондой эле 12 саламаттыкты сактоо объектиси, 41 орто мектеп, 14 бала бакча, 8 университет, 25 башка бюджеттик мекемелер жана 212 башка керектөөчүлөр бар. Ишкана шаардын батыш бөлүгүн: Жал кичи району, Газгородок, Министрлер советинин аскер шаарчаларын тейлейт.

Бишкек шаарынын мэриясы жылытууга байланыштуу бардык маселелер боюнча төмөнкү ишеним телефондоруна байланышууга чакырат:

"Бишкекжылуулуктармагы" ААКнын телефон номерлери:

- (0312) 61-11-69 же 1980 "Бишкекжылуулуктармагы" ААКтын call-борбору;

- (0312) 56-85-58 диспетчердик кызмат;

- 36-57-19, 30-07-67 Борбордук райондо нөөмөттө турган инженерлер;

- 51-06-22, 21-74-06 Түштүк районунда турак жай имараттарын туташтыруу боюнча нөөмөттө турган инженерлер.

"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы:

- 0312 21-28-44; 0312 21-29-06 8.00дөн 17.00гө чейин арыздарды кабыл алуучу диспетчердик кызмат;

- 0312 21-29-06 күнү-түнү диспетчердик кеңсе;

- 0701 777-110 ишкананын What`sApp-каналы.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 4-октябрындагы №213-р буйругуна ылайык, борбордо жылытуу мезгили 5-октябрга караган түнү башталган.

Пикир

Оставить комментарий