• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Боомдо таштарды кулатуу иштери жүргүзүлүп, жол маал-маалы менен жабылат

Аймак 0

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 118-чакырымында 3-7-октябрь күндөрү жүргүзүлөт.

"Иштин башталышы керектүү адамдык, техникалык каражаттарды жана механизмдерди даярдоо менен автотранспорттун жана темир жолдун кооптуу участокторун тосуу аркылуу жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол саат 09:00дөн 15:00гө чейин маал-маалы менен жабылып турат.

Белгилей кетсек, жолдо 30-40 унаа чогулуп калган учурда таштарды кулатуу иштер токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзгү маал гана жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий