• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кара-Жыгач айылында эки суу мунарасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айыл аймагында 2 суу мунарасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев, АРИС уюмунун директору Марс Наспеков, Аламүдүн районунун акими Бактыбек Анаркулов жана башкалар катышышты.

Мындан тышкары, 28 чакырым негизги суу түтүктөрү жаңыртылды. Долбоор АРИС тарабынан каржыланып, жалпы суммасы 60 млн 354 миң сомду түздү. Аталган долбоордун ишке ашуусу менен Кара-Жыгач айыл аймагы толук таза суу менен камсыз болмокчу.

Пикир

Оставить комментарий