• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында жеңил атлетика боюнча массалык жарыш өтөт

Аймак 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрында Ош шаарынын борбордук аянтында жеңил атлетика боюнча массалык жарыш өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жарышка катышууну каалаган жарандар 30-сентябрь, саат 08:00дө “Түбөлүк от” мемориалдык комплексинин жанында катталышса болот.

Ал эми мекеме-ишканалардын табыштамалары 2023-жылдын 29-сентябрына чейин Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин калыстар тобу тарабынан кабыл алынат.

Жөө күлүктөр төмөнкү жаш категориялар боюнча сыналат:

  • мектеп окуучулары;
  • студенттер;
  • күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү;
  • 25-65 жаштагы жарандар.

Жарыш 400, 500, 1500 жана 2200 метр аралыкта өтөт.

Байланыш телефондор: (03222) 7-06-99, 5-63-78.

Ош шаардык мэриясынан жарышка дарыгердин уруксаты бар адамдар гана катыша аларын эскертишти.

Жеңүүчүлөр эркектер жана аялдар арасында ар бир топ боюнча өзүнчө аныкталат. 1,2,3-орунду ээлеген катышуучулар Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин баалуу белектери, дипломдору жана медалдары менен сыйланышат.

Мектеп окуучулары менен студенттерге да баалуу сыйлыктар каралган.

Пикир

Оставить комментарий