• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сафин Гаффан дүйнөдөн кайтты

Аймак 0

Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. Күн мурун, 25-мартта Жалал-Абад шаарындагы жалгыз Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сафин Гаффан 99 жашында дүйнөдөн кайтты.

Сафин Гаффан Башкыр АССРинде туулган. Советтик Армиянын катарында 1943-жылдан тарта кызмат өтөгөн. Ал Жалал-Абадга 1954-жылы көчүп келген.

Ардагер Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы, "Германияны жеңүү" жана башка медалдар менен сыйланган.

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, ардагердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий