• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда эрежелерди сактабаган коомдук тамактануучу жайларга айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Жалал-Абадда эрежелерди сактабаган коомдук тамактануучу жайларга айып салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, санэпидкөзөмөл борбору жана шаардык милиция кызматкерлери баштаган комиссиялык топ шаар аймагындагы коомдук тамактануучу жайларды текшерди.

Белгилей кетсек, буга чейин коомдук тамактануучу жайларга эскертүүлөр берилген.

Рейддин жүрүшүндө талаптарды аткарбаган тараптарга акчалай айыппул салынды. Мындай рейддер алдыда улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий