• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Финансылык чалгындоо кызматы төлөм уюмуна 128 миң сом айып салды

Экономика 0

Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы төлөм уюмуна 128 миң сом айып салынды.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, төлөм уюму террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү КР мыйзамдарынын талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылды.

Тактап айтканда, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу жана операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн, ошондой эле контролдоого жана кабарлоого тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүү талаптарын, тартибин жана мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 355-беренесине ылайык, Финансы министрлигинин Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы төлөм уюмуна жалпы суммасы 128 миң сом өлчөмүндөгү 2 айып пул салды.

Пикир

Оставить комментарий