• 88.68
  • 95
  • 0.95

БАЭнин экономика министри: Кыргызстан биздин маанилүү өнөктөшүбүз

Экономика 0

Бишкек, 01.06.22 /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Абдаллы бин Таук Аль-Марри жана Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Абдуллы М.Аль-Мазруинин Кыргызстанга иш сапарынын алкагында Бишкекте кыргыз-эмират бизнес-форуму өтүп жатат.

Иш-чарага БАЭ менен Кыргызстандын авиация, энергетика, соода, инвестиция жана өнөр жай жаатындагы алдыңкы компаниялары катышууда. Келген делегациянын курамына экономиканын бардык тармактарында иш алып барган БАЭнин ири компаниялары кирди. Mazdar, Wizz Air Abu Dhabi, Foody World Foodstuff Trading, Corodex Industries, United Food Company, Royal Startegic Partners жана башка ири компанияларды өзгөчө белгилей кетүү зарыл.

БАЭнин экономика министри Абдулла бин Таук Аль-Марри өз сөзүндө буга чейин эки тараптуу жолугушуу болгонун, анын жүрүшүндө өзгөчө экономикалык чөйрөдөгү мамилелердин келечеги талкууланганын белгиледи.

“Мен жыл ичинде көп сапарларга барбайм жана эң маанилүү жерлердин бири катары Кыргызстанды тандадым. Дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери сиздердин өлкө Борбордук Азиядагы биздин маанилүү өнөктөшүбүз болуп калды. Тикелей инвестициялар БАЭден Кыргызстанга да, тескерисинче Кыргызстандан БАЭге дагы болгон. Биз өз ара соодабыздын алмашуусун арттыра алабыз. Кыргызстан соода жана туризм үчүн эң эле маанилүү жерлердин бири болуп саналат. Өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюу маанилүү кадам болуп саналат. Ага кол коюлгандан кийин биздин ишкерлер коому мамилелерди жакшыртуу боюнча милдеттенмелерди алышат”, - деди БАЭ министри.

Ал БАЭ өкмөтүндө пандемиядан кийинки абалды калыбына келтирүү боюнча чоң максаттары бар экенин кошумчалады. Азыркы учурдагы сандар өсүү бар экенинен кабар берет жана ал пландалгандан көп. Министр Украинадагы абалга жана коронавирустун жаңы штаммдарына байланыштуу тобокелдиктер бар экенин белгиледи.

“Биздин экономика өткөн жылы эле 20 млрд доллардан ашык түз инвестиция тартты. Акыркы бир нече жылдын ичинде биз бир катар маанилүү реформаларды жүргүздүк. 40тан ашык мыйзамдарды кабыл алдык же өзгөртүү киргиздик. Чет элдик компанияларга талаптарды коюп жатабыз. Дүйнөнүн бардык бурчунан адистерди тартууну жеңилдетүү үчүн бардыгын жасайбыз”, - деди Абдаллы бин Таук Аль-Марри.

Ал БАЭде дүйнөдөгү эң төмөн салыктык төгүмдөр экенин эске салды. Ошондой эле укуктук система дүйнөлүк стандарттарга дал келүүсү үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий