• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Күйүүчү май жана буудай – Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздук боюнча тизмесиндеги сырттан алынган товарлар

Экономика 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Акылбек Султанов Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу боюнча тизмесине кирип, бирок өлкө өзү сырттан сатып алган товарлар тууралуу айтып берди.

КМШ өлкөлөрүнүн статистика кызматтарынын адистеринин Бишкекте өткөн кеңешмесинде Султанов билдиргендей, мыйзам боюнча Кыргызстанда 14 азык өлкөнүн азык-түлүк коопсуздук боюнча тизмесине кирген.

"Аларга эт, нан, чай, май, суу ж.б. кирет. Азык эместерден – күйүүчү май. Күйүүчү май менен буудайдын сырттан алынып келиши азык-түлүк коопсуздугундагы негизги маселе болууда. Айрымдарын биз жарым-жартылай камсыздай алабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий