• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда банк секторуна ашыкча пайда салыгын киргизүү пландалган жок - ЭКМ

Экономика 0

Бишкек, 28.09.23. /Кабар/. КР министрлер кабинети банк секторуна ашыкча пайда салыгын киргизүүнү пландаган жок, деп билдирди Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Экономика министрлиги КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Алсак, сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулоодо банк тармагындагы ашыкча пайдага салыкты киргизүү маселеси да каралды. Бул маселе банк секторунун өкүлдөрүн кеңири тартуу менен ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин алкагында (ЭКМдин 2023-жылдын 15-июнундагы № 76 буйругу) талкууланды.

"Банк сектору жана жалпы эле бизнес чөйрөсү боюнча талкуунун жүрүшүндө ар кандай жагдайлардан улам банк секторунда үстөк пайдага салыкты киргизүү туура эмес деген пикирлер айтылды. Ушуга байланыштуу бул маселени биргелешип талкуулоонун жыйынтыгы боюнча КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбооруна ашыкча пайда салыгын киргизүү боюнча ченем киргизилген жок", - деп айтылат маалыматта.

Ошентип, Банк секторундагы үстөк пайда боюнча КР мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт жанаминистрлер кабинети бул салыкты киргизүү боюнча сунуш киргизүүнү пландаган эмес.

Пикир

Оставить комментарий