• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров: МЖӨ моделдеринин жардамы аркылуу жеке сектордун өнүгүшүн камсыз кылууга умтулабыз

Өкмөт 0

Бишкек, 28.09.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) боюнча II эл аралык конференциясына катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын сөзүндө, өткөн жылдагы МЖӨ боюнча Биринчи эл аралык конференция ийгиликтүү өттү жана МЖӨ жаатындагы көптөгөн активдүү жана авторитеттүү оюнчуларды чогулткан бүгүнкү конференция Акылбек Жапаровдун айтымында, “белгилүү эксперттерди, өнүктүрүү банктарын, каржы институттарын, ири инвестициялык компанияларды, мамлекеттик сектордун жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрүн чогулта алган региондогу жана дүйнөдөгүдөй эле МЖӨ өнүгүү тенденциялары боюнча эң актуалдуу темаларды талкуулоочу аянтча болуп калды”.

Ал ошондой эле өлкө Президентинин күч-аракетинин аркасында өлкөдө МЖӨ механизмдерин иш жүзүндө ишке ашыруу жана бул үчүн зарыл болгон жагымдуу шарттарды түзүү боюнча мындан аркы кадамдар жасалып жатканын белгиледи.

“Биз мамлекеттик-жеке өнөктөштүк моделдеринин жардамы аркылуу жеке сектордун өнүгүшүн камсыз кылууга умтулабыз. Мындай иш-чаралар жергиликтүү адистердин потенциалын жогорулатууга жана долбоорлорду алдыга жылдырууга эң сонун мүмкүнчүлүк берет”, - деди ал.

Ошондой эле билим берүү, саламаттыкты сактоо, каржы, инвестиция, курулуш жана инфраструктура тармактарында жеке сектордун катышуусунда мамлекет тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлорго кеңири токтолуп, өзгөчө энергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы долбоорлорду белгиледи.

“Биз энергетика тармагында болуп көрбөгөндөй реформаларды ишке ашыра баштадык. Жеке инвестицияларды тартуу үчүн “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөр киргизилди, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлор үчүн жер участокторун берүүнүн бирдиктүү терезеси болуп калган Жашыл энергетика фонду түзүлдү, бир катар кичи жана ири ГЭСтердин курулуш башталды. Ошондой эле күн энергиясын пайдалануу менен бир катар МЖӨ долбоорлорун даярдоо иштери аяктоо алдында турат”, - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Сөзүнүн аягында министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк эл аралык конференциясы биздин кызматташтыгыбызды чыңдоого салым кошот, ошондой эле салттуу жана авторитеттүү аянтча болуп калат, анда жаңы келишимдер түзүлөт жана мындан аркы актуалдуу маселелер талкууланып, мамлекеттик жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү маселеси чечилет”.

Пикир

Оставить комментарий