• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Чет мамлекеттердин өкмөт башчылары Акылбек Жапаровду жана Кыргызстандын элин айт майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 10.04.24. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы – президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун дарегине Орозо айт майрамы менен чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынан куттуктоолор келип түштү.


Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду жана Кыргызстандын элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Сизге чын жүрөктөн куттуктоомду жана эң жакшы каалоолорумду жибергениме кубанычтамын. Биргелешкен күч-аракеттер менен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук, жакшы коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелер мындан ары да бир тууган элдерибиздин кызыкчылыгында бекемделе берет деп ишенем. Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, жооптуу иштерде жаңы жеңиштерди, ал эми боордош элге тынчтык жана мындан аркы гүлдөп өнүгүү каалайм”, - деп айтылат куттуктоодо.


Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министр, Дубайдын башкаруучусу Мохаммед бин Рашид Аль Мактум жана Бириккен Араб Эмираттарынын президентинин администрациясынын жетекчиси, вице-президенти, премьер-министрдин орун басары Мансур Бен Заид Аль Нахаян КР министрлер кабинетинин төрагасын Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Орозо айт майрамына карата сиздерге чын жүрөктөн каалоо-тилектерди жана ысык куттуктоолорубузду билдиребиз. Сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми Кыргызстан элине жакшылык, тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”, - деп белгиленет жолдомодо.


Азербайжандын премьер-министри Али Асадов министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

“Сизди орозо майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бул майрам ислам дининин көп кылымдык каада-салттарына жана баалуулуктарына буруу менен, адилеттиктин жана кайрымдуулуктун принциптерине берилгендикти билдирет. Мына ушул баа жеткис руханий принциптердин негизинде Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана өз ара пайдалуу кызматташуу мамилелери мындан ары да стратегиялык өнөктөштүктүн деминде ырааттуу өнүгө берерине ишенем. Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”, - деп айтылат куттуктоодо.


Түркиянын аице-президенти Жевдет Йылмаз КР министрлер кабинетинин төрагасын Орозо айт менен куттуктады.

“Сизди жана Кыргызстан элин майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Бул куттуу майрам ислам дүйнөсү жана бүткүл адамзат үчүн тынчтыктын, ден соолуктун жана жакшылыктын белгиси болушун каалайм. Сиздерге бекем ден соолук жана бакыт каалайм”, — деп айтылат телеграммада.

Пикир

Оставить комментарий