• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров: Былтыр казынага тоо-кен тармагынан 22,9 млрд сом түшкөн

Өкмөт 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Ички дүң продукциянын өсүшү боюнча эл аралык институттардын пессимисттүү божомолуна карабастан, биз кырдаалды турукташтыра алдык. Бул тууралуу президенттин катышуусунда өткөн министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. билдирди

Акылбек Жапаров өз сөзүндө КРнын 2022-жылдын 6 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясынын өсүү темпи 6,3%ды түзгөнүн белгиледи.

«Экономиканын бардык тармактарында өсүш байкалды: айыл чарбасында 2%, курулушта 3,4%, кызмат көрсөтүүдө 4%, өнөр жай тармагында 14,6% өсүш болду», - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Ал кошумчалагандай, 2022-жылдын 6 айында тоо-кен тармагындагы салыктык кирешелер 25,8 миллиард сомду түздү.

«2021-жылы казынага тоо-кен тармагынан 22,9 млрд сом түшкөн. Жарым жылда былтыркы бир жылга караганда салыкты көп чогулттук. Мен кендерди иштетүүгө каршы чыккандарга кайрылат элем. Өлкөдө 245 авариялык мектеп бар, 219 704 аз камсыз болгон үй-бүлө (алардын санариптик картасы түзүлдү) жана 710 миңден ашуун пенсионер жашайт. Жыл сайын болжол менен 10 миңдей жаңы кошумча окуучулук орундар талап кылынат. Бул үчүн жылына 24 жаңы мектеп куруу керек. Мындан тышкары, республика боюнча ооруканаларды оңдоо, калктын социалдык жактан корголбогон катмарына кам көрүү зарыл. Бул үчүн бизде кошумча булактар болушу керек”, - дейт Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий