• 88.68
  • 95
  • 0.95

Премьер чек арадагы окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун үй-бүлөсүнөн кабар алды

Өкмөт 0

Бишкек, 02.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын жүрүшүндө курман болгон жарандардын үй-бүлөсүнөн кабар алды, - деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.

Өкмөт башчы Сүйүн Тагаевдин жана Рашиддин Үсөн уулунун үй-бүлөсүнө барды.

«Биз оор жоготууга учурадык, өз мекенин коргоодо өмүрүн берген өлкөнүн чыныгы патриотторунан айрылдык. Биз аларды кайгыруу менен жоктойбуз, ушул тапта бүтүндөй өлкө жарандары кайгырып турат», - деди ал.

Премьер-министр шейит кеткендерге куран түшүрүп, мамлекет курман болгондордун үй-бүлөсүнө тийиштүү көңүл бөлүп, камкордукка алаарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий