• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖК депутаттары Кыргызстандын туусундагы күн нурунун формасын өзгөртүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.09.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев менен Улан Примов Кыргызстандын туусундагы күн нурунун формасын өзгөртүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документте айтылгандай, бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын туусунун ортосундагы түндүк менен күндүн нурун көрүүдөгү кабыл алынышында күн карамынын гүлү, же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы диллема пайда болгондуктан, туунун чагылдырылышындагы маанинин бир мааниде туюнтулбагандыгын жоюу үчүн чараларды көрүү керек.

Ушуга байланыштуу Кыргызстандын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат.

Кыргызстандын туусундагы күндүн нурларынын жаңы эскизин иштеп чыгуу үчүн авторлор – бул тууну баштапкы этапта иштеп чыгышкан, математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүп, чиймелерди чийип, коштоочу иштерди жасаган инсандар тартылышкан.

Пикир

Оставить комментарий