• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жумабеков: Өлкѳнүн аймактык бүтүндүгү үчүн курман болгон жоокерлерибиздин жаркын элесине таазим кылабыз

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумбеков Кыргызстандын аскер кызматкерлерин өлкөнүн Куралдуу Күчтөр күнү менен куттуктады. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Урматтуу Куралдуу күчтѳрдүн ардагерлери жана аскер кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан Куралдуу күчтѳрүнүн түзүлгөндүгүнүн 28 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!

Бул 28 жылдын ичинде биздин куралдуу күчтѳр үчүн кѳптѳгѳн чакырыктар болду. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусунун катаал жылдарында армия тынчтыкты, коопсуздукту жана биздин өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн сактоонун түмѳн түйшүктүү жүгүн абийирдүүлүк менен аркалады. Ѳкүнүчтүүсү, Кыргызстандын чек араларындагы кандуу жаңжалдар биздин бир катар азаматтарыбыздын ѳмүрүн кыйды. Биз ѳлкѳнүн аймактык бүтүндүгү үчүн курман болгон жоокерлерибиздин жаркын элесине таазим кылабыз.

Кыргыз куралдуу күчтѳрүнүн калыптануу таржымалы салыштырмалуу кыска болгону менен, кыргыз армиясынын күжүрмѳн салттары кылымдардын кыйырына барып такалат. Биздин жоокерлерибиз Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында, Афганистанда жана 90-жылдардын соңундагы Баткен окуяларында ѳздѳрүнүн ѳлбѳс-ѳчпѳс каармандыктарын кѳрсѳтүшкѳн. Бүгүнкү күнгѳ чейин Кыргыз Республикасынын жоокерлери жана офицерлери ѳздѳрүнүн ата-бабаларынын күжүрмѳн аракеттерин татыктуу улантуу менен, биздин ѳлкѳбүздүн чек араларынын эң татаал тилкелеринде ак кызматтарын ѳтѳп келе жатышат. Биз каарман, баатыр мүнөз, мекенчил жоокерлерибиз менен ар убак сыймыктанабыз!

Урматтуу мекендештер!

Акыркы убактарда Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргызстандын Куралдуу күчтѳрүнүн Башкы командачысы С.Ш.Жээнбековдун чечимдери менен мамлекетибиздин куралдуу күчтѳрүн чыңдоо жана күжүрмѳн даярдыктарын жогорулатуу үчүн кѳптѳгѳн демилгелүү иштер жасалууда. Биз бүгүн заманбап талаптарга жооп берген, күжүрмѳн даярдыгы күчтүү армияны түздүк деп ишенимдүү айта алабыз.

Дагы бир жолу бардык аскер кызматчыларын, алардын ата-энелерин, бир туугандарын куттуу майрам – Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтѳрүнүн 28 жылдыгы менен куттуктайм!

Сиздерге жана жакындарыңыздарга чың ден соолук, ачык асман жана бакубатчылык каалайм!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңештин тѳрагасы Дастанбек Жумабеков

Пикир

Оставить комментарий