• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жыл башынан бери "Айыл чарбасын каржылоо-8" долбоору боюнча 2,4 млрд сом насыя берилди – айыл чарба министри

Экономика 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Жыл башынан бери "Айыл чарбасын каржылоо-8" долбоору боюнча 2,4 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, "Айыл чарбасын каржылоо" долбоору" 2013-жылдан бери иштеп келет. Андан бери айыл чарба багытында иштеген 90 миңден ашык жаранга 34 млрд 512 млн сом жеңилдетилген насыя берилген.

"Быйыл жылы "Айыл чарбасын каржылоо-8" долбоору боюнча бүгүнкү күнгө карата 5 миңден ашык жеңилдетилген насыя берилип, алын суммасы 2 млрд 400 млн сомду түздү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий