• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жеенбаева: Кыргызстан тышкы карыздарды төлөө маселесин чечүү боюнча алгачкы кадамдарын жасады

Экономика 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. «Кыргызстан тышкы карыздарды төлөө маселесин чечүү боюнча алгачкы кадамдарын жасады», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын каржы министри Бактыгүл Жеенбаева кечээ болуп өткөн «Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара» аттуу видеоконференция форматындагы эл аралык форум тууралуу пикирин айтып жатып.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, министр Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан тышкы карызды чечүүнүн 3 этабы сунушталганын эске салды.

Биринчи кезекте, тышкы карызды төлөөнү убактылуу токтотуп же кийинки жылдарга жылдыруу гана эмес, аларды терең реструктуризациялоо зарыл.

Экинчи этап — саламаттык сактоо, социалдык колдоо жана азык-түлүк коопсуздугу тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу программасын иштеп чыгуу.

Үчүнчү этап — экология, климаттын өзгөрүшү жана жашыл экономика тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу боюнча программаларды иштеп чыгуу.

«Каржы министрлигинин алдында чоң милдеттер турат. Алар — программаларды иштеп чыгып, карызды алмашуу жана тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча ишти баштоо», — дейт каржы министри.

Бактыгүл Жеенбаева форумдун жүрүшүндө «БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашырууга коронавирус пандемиясы кандай таасирин тийгизет, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ири тышкы карыздары бар жана алар БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарын аткарууну уланта алабы» деген сыяктуу суроолор жаралганын белгиледи.

«Кыргызстан „Чоң жыйырмалыктын“ жана Париж клубунун жардамы менен тышкы карыздарды төлөө маселесин чечүү боюнча алгачкы кадамдарын жасады. Быйыл эки тараптуу карыздарды төлөө токтотулду. Бирок бул чаралар, албетте, жетишсиз. Биз кошумча жолдорду издеп, ар кандай эл аралык аянтчаларда диалог жүргүзүп жатабыз, анын ичинде кечээ өткөн „Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара“ аталышындагы эл аралык форум да бар», — деп сөзүн жыйынтыктады каржы министри Бактыгүл Жеенбаева.

Пикир

Оставить комментарий