• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда өнөр жай продукциясынын көлөмү 4 айда 131,1 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек. 13.05.23. /Кабар/. Кыргызстанда 2023-жылдын январь-апрелинде өнөр жай продукциясынын көлөмү 131,1 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Бишкектеги брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Көрсөткүч 2022-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу химиялык продукциянын (32 пайызга), текстиль өндүрүшү, кийим жана бут кийим, тери жана булгаары буюмдарын өндүрүүнүн (19,3 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердиктин (18,4 пайызга), резина, пластмасса буюмдары жана курулуш материалдарынын (16,3 пайызга), фармацевтикалык продукциялардын (12,9 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (5,5 пайызга), негизги металлдардын (1 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (12,7 пайызга) көлөмүн жогорулатуунун эсебинен 4,6 пайызга көбөйдү.

Курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдүн өсүшү 3,5 пайызды, айыл чарбасында 2,0 пайызды, дүң жана чекене соодада 16,5 пайызды түздү.

Пикир

Оставить комментарий