• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Катарлык делегация Кыргызстанга келип кетти

Экономика 0

Бишкек, 24.04.19. /Кабар/. Катарлык делегация Кыргызстанга эки күндүк сапар менен келип кетти. Бул тууралуу Катардын КРдагы элчилиги билдирди.

Делегацияга Катардын Инвестициялык башкармалыгынын (QIA) өкүлү Шейх Абдул Азиз бин Али Аль Тани, Катар Мамлекетинин Борбордук банкынын ислам банктарын көзөмөлдөө департаментинин жетекчиси Салем Али Аль-Кувари ж.б. кирген.

Сапардын алкагында Катардын Инвестициялык башкармалыгынын өкүлү Кыргызстандын Инвестицияны коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу менен жолугушкан. Жолугушууда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү талкууланган.

Ошондой эле ислам банктарын көзөмөлдөө департаментинин жетекчиси Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен банк чөйрөсүндө эки өлкөнүн ортосундагы алаканы өнүктүрүү жолдорун, КР менен Катардын башкы банктары ортосунда кызматташуу орнотууну жана тажрыйба алмашууну талкуулашкан.

Пикир

Оставить комментарий