• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экономика министри ЕРӨБ жетекчилиги менен бир катар долбоорлорду алдыга жылдырууну макулдашты

Экономика 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. 2022-жылдын 10-майында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Башкаруучулар кеңешинин отуз биринчи жыйынынын алкагында КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев ЕРӨБ президенти Одил Рено-Бассо жана вице-президенти Ален Пиллоу жана банктын аймактык өкүлчүлүктөрүнүн бир катар жетекчилери менен жолугушту.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө банктын учурдагы портфели жана Украинадагы жаңжалдын таасирине байланыштуу макроэкономикалык кырдаал, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелери, ошондой эле энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.

Ошондой эле электрондук коммерция, темир жол инфраструктурасы, ирригация, кичи жана орто бизнести колдоо жана жашыл трансформация чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду алдыга жылдыруу боюнча макулдашууларга жетишилди.

Мындан тышкары, министр Амангелдиев Европа инвестициялык банкынын вице-президенти Томас Эстрос, Молдова Республикасынын делегациясынын башчысы, Экономика министри Сергиу Гайбу, ЕРӨБнын Монголия жана Борбордук Азиядагы инфраструктура боюнча директору Катерина Мирошник, ЕРӨБ Туруктуу инфраструктура тобу, Евразия, Жакынкы Чыгыш жана Африка боюнча энергетика боюнча директору Аида Ситдикова менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Европа инвестициялык банкынын вице-президенти Томас Эстрос менен жолугушууда биргелешкен долбоорлордун портфелин кеңейтүү маселелери жана Бишкекте Борбор Азия банкынын аймактык өкүлчүлүгүн ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да арттыруу, жаңы биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча макулдашты.

Ошондой эле Түркиянын казына жана каржы министри Нуреддин Небати башында турган түрк делегациясы, Венгриянын каржы министри Михали Варга баштаган венгр делегациясы жана башка расмий делегация башчылары менен өзүнчө жолугушуулар пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий