• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

РФ СӨП башчысы кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал убактылуу деп ишенет

Экономика 0

Бишкек, 27.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Мен кыргыз-казак чек арасындагы жагдай убактылуу деп ишенем”, - деди КМШ өлкөлөрүнүн палата жетекчилеринин кеңешинин 15-жыйынында Россиянын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Сергей Катырин.

Ал ошондой эле, эки өлкөнүн саясатчылары түзүлгөн жагдайды чечүү жолун табышарына ишеним билдирди.

“Бул эки тарап үчүн тең, Кыргызстандын да, Казакстандын да экономикасына таасирин тийгизген жагымсыз көрүнүш. Маселе башка өлкөлөргө да азыноолак таасир берет. Себеби жүк тура берсе, зыян алып келет”,-деп белгиледи Катырин.

РФ Соода-өнөр жай палатасынын президенти ар кандай чектөөлөрдү кандайдыр бир деңгээлде ЕАЭБ принциптерин бузуу катары кароого болоорун билдирди. “Компромисске келип, саясатчылардын деңгээлинде сүйлөшүү керек”,- деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий