• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан альтернатива катары Улуу Жибек жолун пайдаланса болот – Турганов

Экономика 0

Бишкек, 27.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстан Казакстан менен түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Улуу Жибек жолун альтернатива катары пайдаланса болот. Бул тууралуу Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө коомдук ишмер Жылдызбек Турганов билдирди.

Анын айтымы боюнча, Кыргызстандын көз карандысыздыкты алгандан бери Кытай менен мамилеси жакшы.

“Кыргызстан ШКУнун мүчөсү. Андан сырткары өлкө КЭРнан материалдык-техникалык жаата негизги жардамды алып келет, жолдор курулууда. Ал эми Кытайдан келген инвестициялар КР экономикасында биринчи орунду ээлейт. Ошондой эле Кыргызстандан көптөгөн студенттер ал жакта гранттык негизде билим алышат”,-деди Турганов.

Анын айтымында, кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал Улуу Жибек жолуна көңүл буруу керектигин далилдеди.

“Биздин соода жаатында Кытай менен мамилебиз жакшы, бул Дордой жана Кара-Суу базарлары аркылуу байкалып турат”,-деди Жылдызбек Турганов.

Ал белгилегендей, Казакстан менен болгон акыркы окуялардан соң Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунунун курулушунун актуалдуулугу дагы да болсо өсөт.

Пикир

Оставить комментарий