• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүүгө атайын эсептен 46,8 млн сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Баткен жана Ош облустарындагы административдик имараттарды калыбына келтирүүгө 46,8 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, каражат мамлекеттик органдардын арыздарына ылайык бөлүнүүдө. Бугүн, 10-октябрь саат 10:00гө карата атайын эсепте 277 млн 572 миң сом калды.

Буга чейин Финансы министрлиги Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүүгө 3 млрд сом каралганын билдирген. Бул сумма 2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларын кайра бөлүштүрүү эсебинен түзүлөт.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий