• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Соцфонд: Пенсияны жогорулатууга 659,2 миллион сом өлчөмүндө каражат салынууда

Экономика 0

Бишкек, 22.11.18 /Кабар/. Пенсияны жогорулатууга 659 миллион 209 миң сом өлчөмүндө каражат салынууда. Бул тууралуу Социалдык фонддун башчысы Медер Ирсалиев “Социалдык фонддун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жаткан Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын маалыматына караганда, Социалдык фонддун 2019-жылга бюджетинин долбоору 54 миллиард 61 миллион 345,3 миң сом суммасындагы кирешелер боюнча түзүлдү.

“Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн түшүшү 32 миллиард 744 миллион 294,3 миң сом суммасында пландалган. 2019-жылы пенсиялык фонддун кирешелери 49 миллиард 763 миллион 114,7 миң сом суммасында пландалууда. Пенсиялык фонддук чыгашалары 2019-жылы пенсиялык төлөмдөрдүн, ритуалдык жөлөк пулдардын, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн, пенсияларды жеткирүүнүн, административдик чыгашалардын талаптары боюнча эсептөөлөргө ылайык 48 миллиард 748 миллион 667,7 миң сом суммасында аныкталды”, - деди Медер Ирсалиев.

Ал Социалдык фонддун 2019-жылга бюджетинде пенсияны жогорулатууга 659 миллион 209,5 миң сом каражат салынганын билдирди. 2019-жылга карата бюджет 1 миллиард 14 миллион 447 миң сом суммасында түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий