• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Эч ким банктардан насыяларды кечүүнү сурай албайт — Улуттук банк

Экономика 0

Бишкек, 16.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Биз коммерциялык банктардан насыяларды кечүүнү сурай албайбыз”, - деп “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Улуттук банктын өкүлү Ильичбек Султанкулов билдирди.

Анын айтымында, ар кандай финансы-кредиттик уюмдар киреше алууда өзүнүн максаттары бар компания экендигин түшүнүшү керек.

“Банктарга лицензияны биз бергенибиз менен алар өздөрүнчө иштейт. Биз коммерциялык банктардан насыяларды кечүүнү сурай албайбыз. Бирок насыя алган ар бир жаран менен жолугушуу өткөрүлүүдө”, - дейт ал.

Султанкулов Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын басып алган аялдар менен Улуттук банктын керектөөчүлөрдү коргоо бөлүмүнүн кызматкери жолугушканын кошумчалады.

Экономика жана каржы министрлигинин бюджетти пландаштыруу жана орто мөөнөттүү болжолдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Улан Жапаровдун айтымында, финансы-кредиттик уюмдарынан насыя алып оор социалдык абалда калган жарандарга жардам көрсөтүү максатында өкмөт тийиштүү токтом кабыл алган.

“Токтомго ылайык, финансы-кредиттик уюмдарга 2020-жылдын 1-октябрына чейин 100 миң сомдон ашпаган суммада насыя алган жарандарды ошол жылдын декабрь айында жана 2021-жылдын январь, февраль айында насыянын пайызын кошпоо сунушталган. Улуттук банктын маалыматы боюнча, республикадагы 673 миңден ашык жаран пайыздар боюнча төлөмдөрдөн бошотулган. Бул максатта болжол менен 1 млрд 203,2 млн сом талап кылынган. 2021-жылга республикалык бюджеттен 1 млрд 253,2 млн сом каралган. Бардыгы болуп финансы-кредиттик уюмдарга 734,4 млн сом которулган”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 15-апрелде эртең менен Чүйдүн Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын бир нече аял басып алып, өздөрүн өрттөйбүз деп коркутуп жаткандыгы айтылган. Алар банктан алган насыяларынын айынын үйүнөн ажырап калуу кооптуулугун айтышкан.

Көп өтпөй аялдар имараттан чыгып, ишемби күнү премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугуша турганын билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий