• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жарым жылда Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 5 млрд доллардан ашты

Экономика 0

Бишкек, 11.08.22. /Кабар/. Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2022-жылдын январь-июнь айларында 5 млрд доллардан ашты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басм асөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул 2021-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 25,4 пайызга көбөйдү, муну менен бирге экспорттук жөнөтүүлөр 40,5 пайызга азайып, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескеринче 1,7 эсе жогорулады.

Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соода көлөмү 2022-жылдын январь-июнунда 2 млрд долларды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34%га өскөн. Муну менен бирге экспорттук жөнөтүүлөр 1,7 эсеге, импорттук келип түшүүлөр 23,0 пайызга жогоруланган.

Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү ушул жылдын январь-июнь айларында Россия (70,0 пайызга) жана Казакстанга (27,9 пайызга) туура келди.

Пикир

Оставить комментарий