• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде окуучулар арасында массалык мушташ катталды

Аймак 0


Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Баткенде окуучулар арасында массалык мушташ катталды. Бул тууралуу агенттикке Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган факт Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Облустук милициядан учурда чырдын чоо-жайы такталып жаткандыгын жана бир аздан соң толук маалымат бериле тургандыгын кошумчалашты.

Алдын ала маалыматка караганда, мушташ Баткен районундагы Кара-Бак айылында чыккан.

Пикир

Оставить комментарий