• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда этникалык кыргыздардын жарандык алуудагы көйгөйлөрү талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. Күн мурун, 27-мартта Жалал-Абад шаарында этникалык кыргыздардын жарандык алуудагы көйгөйлөрү талкууланды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, аймактык башкармалыктардын башчылары, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда жашаган этникалык кыргыздар катышты.

Жыйындын жүрүшүндө этникалык кыргыздардын көпчүлүгүнүн тиешелүү документтеринин жоктугунан жарандык алууда кыйынчылыктар жаралып жаткандыгы айтылып, жарандыгы жоктугунан пенсия, жөлөкпул, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, медициналык жардам жана турак жай алууда да көйгөйлөр жаралып жаткандыгы белгиленди.

Белгилей кетсек, президенттин жарлыгына ылайык, этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок жарандар үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жарандыгы жөнүндө убактылуу жарлыгы чыккан.

Пикир

Оставить комментарий