• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын Эл аралык күнүнө карата Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык кеңеши, муниципалдык ишканалар жана кызматтар тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардамдар көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, вице-мэрлер, шаардагы мекеме-ишканалардын, кызматтардын жетекчилери адистештирилген мекемелерге, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйлөрүнө барып, көмөк көрсөтүштү.

Алар “Сантерра-Юг” коомдук кайрымдуулук фондуна, Ош шаардык балдардын реабилитациялык борборуна, көзү азиздер жана көрүүсү начар балдардын мектеп-интернатына, Ош шаардык №12 көмөкчү мектебине, “Айданек” бала бакчасына жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйлөрүнө барып, кабар алышты.

Аларга материалдык жардам жана азык-түлүк берилди. Ошондой эле, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков барып, жардам көрсөттү.

2022-жылдын 1-декабрына карата такталган маалыматка ылайык, Ош шаарында 7 375 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жашайт, анын 1050сү 18 жашка чейинкилер.

Пикир

Оставить комментарий