• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Караколдо №11 мектеп-гимназиясынын жаңы корпусу курула баштады

Аймак 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 3-апрелде Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиясынын башталгыч класстар үчүн корпусун куруу иши башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Капсула салуу аземине Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев, Каракол шаардык кеңешинин депутаттары, аксакалдар, билим берүү кызматкерлери катышты.

Эки кабаттан турган окуу корпусу 264 балага ылайыкталып, бардык шарттары менен курулат. Имаратты курууга Каракол шаарынын бюджетинен 49 млн сом каралды.

Пикир

Оставить комментарий