• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Кыргызстанга товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Кыргызстанга товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

30-мартта “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пунктунан М.Э.Х. аттуу жарандын башкаруусундагы “ДАФ” үлгүсүндөгү 06KG411ADM мамлекеттик номерлүү оор жүк ташуучу унаа чиркегичи менен кармалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын ичинен тиешелүү документтери жок баасы 7 млн 500 миң сомдон ашык салык салынууга тийиш болгон товардык-материалдык баалуулуктар табылган.

Учурда мыйзамсыз аракеттин шериктерин аныктоо жана милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй коюудан чыккан зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий