• 88.68
  • 95
  • 0.95

Монополияга каршы кызмат: Сүт рыногунда баа түзүү эркин болуп саналат

Коом 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Жаз мезгилинин башталышы менен сүттүн сатып алуу бааларынын өзгөрүшү сезондук мүнөзгө ээ, деп билдирет Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы.

Ведомстводон билдиришкендей, ушул мезгилде жашыл тоюттун пайда болушу менен сүттү кайра иштетүүчү заводдор сатып алуу баасын төмөндөтүп, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн нааразычылыгын жаратууда.

Бирок Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы сүт рыногунда баа түзүү КРнын мыйзамдарына ылайык, эркин экендигине жана мамлекет тарабынан бул рынокто жөнгө салуу жүргүзүлбөгөндүгүн баса белгилейт. Баа түзүү эркин болуп саналат, ал эми баалардын өзгөрүшү сезондук мүнөзгө ээ.

Белгилей кетсек, республика рыноктук мамилелерге өткөндөн баштап чийки сүттү сатып алуу баалары эч качан мамлекет тарабынан – монополияга каршы орган тарабынан да, Айыл чарба министрлиги тарабынан да жөнгө салынган эмес. Сатып алуу бааларын жөнгө салуу практикасы башка өлкөлөрдө да колдонулбайт. Анткени сүт рыногунда ири юридикалык жактар иштейт. Мисалы, фермердик чарбалар, кооперативдер ж.б.

Сүт социалдык мааниге ээ товар болуп саналат жана бул рынок монополияга каршы органдын туруктуу көңүл чордонунда турат.

Сүт рыногунда үстөмдүк абалды ээлеген бир нече субъекттер бар. Бирок алардын ишмердүүлүгүнө жөнгө салуу жүргүзүлбөстөн, жөн гана экономикалык жана статистикалык байкоо жүргүзүлөт.

Монополияга каршы кызмат бир нече жолу сүт рыногунун катышуучулары менен чийки сүттү түз өндүрүүчүлөрдөн баштап, аны сатып алуучуларга жана кайра иштетүүчү ишканаларга чейин жолугушууларды өткөргөн. Көйгөйлүү маселелер катары ошол эле суроолор тынымсыз айтылып келет:

- сүт өндүрүүчүлөрдүн сүттү аз өлчөмдө өндүрүүсү;
- сатуучулардын (сатып алуучулардын) маржасы;
- тапшырылган сүттүн сапатынын начардыгы.

Бул маселелердин баары маал-маалы менен көтөрүлүп, бирок аларды чечүүдө жергиликтүү бийлик чечүүчү ролду ойношу керек болгон менен чечилбей келе жатат. Бирок жылдан-жылга жер-жерлерде лабораторияларды жана муздаткычтарды уюштуруу, ортомчу болгон сут сатып алуучу звеносун четтете турган кооперация маселелери чечилбей келе жатат. Ошол эле учурда юридикалык жак формасында уюштурулган фермердик чарбалар түздөн-түз заводдор менен иштей алмак.

Мындан тышкары, кызмат бул жаатта саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органдарга сүт өнөр жайын өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу, сүт кластерин түзүү маселесин кароо зарылчылыгы боюнча бир нече жолу сунуштарды киргизген.

Белгилүү болгондой, учурда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан бул маселелерди жөнгө сала ала турган мыйзам долбоору демилгеленип жатат.

Пикир

Оставить комментарий