• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Суу фондуна тиешелүү жерлерди мыйзамсыз бөлүп берген 13 кызмат адамына айып тагылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Суу фондуна тиешелүү жерлерди мыйзамсыз бөлүп берген 13 кызмат адамына айып тагылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

УКМК тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун суу коргоо зоналарындагы берилген жер тилкелеринин мыйзамдуулугун текшерүүдө, жеке жактарга Чыгыш Чоң Чүй каналынын жээгиндеги жерлерди мыйзамсыз берүү фактыларын, ошондой эле шаар куруу, уруксат берүүчү жана белгилөөчү документтерди мыйзамсыз берүү фактылары аныктады.

Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы Чыгыш Чоң Чүй каналынын жээгиндеги жер тилкелерин жеке адамдын пайдасына мыйзамсыз берилгени аныкталды. Ошол эле учурда, суу коргоо зоналарынын аймагында имараттарды курууга мыйзам тарабынан тыюу салынганына карабастан, ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары тарабынан архитектуралык уруксаттар берилген, алардын негизинде суу фондусунун жерлерине коммерциялык курулуштар курулуп кеткен.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын мурдагы башчысы Д.Р.Ж. жана жеке жак С.А.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Бул кылмыш ишинин алкагында чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын төмөнкү кызматкерлерине карата айып тагылды:

- Мамкурулуштун мурдагы директору А.Б.А.;

-Мамкурулуштун Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчилерине жана кызмат адамдарына К.Б.У., М.М.Т., К.Ч.К., М.Ч.М., А.Н.Р.;

- Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик кызмат адамдары К.Б.Т., М.Б. жана К.А.А.;

- Ысык-Ата жана Аламүдүн райондору боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактар аралык башкармалыгынын жетекчилери жана кызмат адамдары К.Э.Н. жана Б.А.Ш.

Азыркы учурда кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, ушул сыяктуу республиканын суу фондусуна тиешелүү жерлерди мыйзамсыз берүү жана ал жерлерге куруу фактыларын аныктоо иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий