• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте ишкерлер үчүн тегерек стол өттү

Коом 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь райондук акимчилигинде ишкерлер үчүн тегерек стол өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, Улуттук банкы, Мамлекеттик салык кызматы жана прокуратура, базарлардын жана соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Ишкерлерге "Атаандаштык жөнүндө", "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" жана "Өлчөө биримдүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" КР мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Тегерек столдун жүрүшүндө сатуучулардын милдеттери жана "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" КР мыйзамына ылайык керектөөчүлөрдүн укуктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, ишкерлер тарабынан социалдык маанидеги товарларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө маселеси каралып, QR коддорду колдонуу, ошондой эле президенттин “2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында түшүндүрмөлөр берилди.

Тегерек столдун жыйынтыгында ушундай эле түшүндүрүү иштерди Октябрь районундагы базарлардын жана соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү үчүн жеринде жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий