• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкө аймагында “Издөө” операциясы өткөрүлүп, 133 кылмыштын бети ачылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. 16-17-март аралыгында өлкө аймагында “Издөө” операциясы өткөрүлгөнүн Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Операция КМШ мамлекеттеринин Ички иштер министрликтери менен кызматташууну чыңдоо максатында жана 2019-2023-жылдарга кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча биргелешкен чаралардын мамлекеттер аралык программасынын планынын пункттарына ылайык өттү.

Операцияга ички иштер органдарынын өздүк курамынын үч миңден ашык кызматкери жана 260тан ашык техника тартылган.

Ыкчам рейддердин жүрүшүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кылмыштарды, анын ичинде оор кылмыштарды жасап издөөдө жүргөн 112 адам кармалган. Дайынсыз жоголгон 60 адамдын жүргөн жери аныкталып, 11 белгисиз өлүктүн өздүгү такталган.

Мындан тышкары, КМШ өлкөлөрүнүн укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн 31 адам ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн кармалган.

Алардын арасында адам өлтүрүү, уурулук, тоноо, денеге оор залал келтирүү, документтерди жасалмалоо, баңгизаттарды таратуу боюнча издөөдө жүргөндөр бар.

Ошондой эле ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, “Издөө” операциясынын жүрүшүндө республика боюнча 133 кылмыштын бети ачылган.

Пикир

Оставить комментарий