• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда нотариалдык документтерди мыйзамсыз даярдаган жаран кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Базар-Коргон нотариалдык округунун мурдагы жеке нотариусу нотариалдык документтерди мыйзамсыз даярдоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгүндө ("Документтердин жасалмасын жасоо") каралган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Базар-Коргон районунун мурдагы жеке нотариусу С.У.Р. нотариалдык документтерди мыйзамсыз даярдоо жана жасалмалоо фактысы менен кармалды.

Чет элдик паспорт алуу үчүн нотариалдык документтерди мыйзамсыз каттоого жана берүүгө, андан кийин ата-энесинин макулдугусуз жашы жете элек балдарды Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгууга авиакассалардын, адвокатуралардын жана жеке нотариустардын айрым кызматкерлеринин тиешеси бар экендиги аныкталды.

С.У.Р.нун жашаган жери боюнча тинтүү иштеринин жүрүшүндө 233 даана бош нотариалдык документтердин бланктары, жеке нотариустардын расмий мөөр басылган 13 даана бланктары, 1 даана расмий мөөр басылган бош кагаз, 17 даана жеке нотариустардын мөөрү басылган ишеним кат, 526 миң сом жана 2500 АКШ доллар өлчөмүндөгү накталай акчалар, жеке компьютер, лазердик принтер, жеке нотариустардын биринин расмий мөөрү, ошондой эле акча которуулардын квитанциясы табылып, алынган.

Ошондой эле ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун авиакассаларынын кызматкерлери, адвокаттар жана жеке нотариустар тарабынан расмий документтерди жасалмалоо жана берүү фактыларынын туруктуу схемасы аныкталып, аларга карата текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий