• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жайыл районунда адамга бычак саюуга шектелип жаш жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.05.22. /Кабар/. Жайыл районунда адамга бычак саюуга шектелип жаш жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2-майда Жайыл РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан бычактан жаракат алган жаран түшкөндүгү тууралуу билдирилген. Жерине ыкчам тергөө тобу барып, ал адамдын өздүгүн тактап, 1994-жылы туулган Ш.Д. экени аныкталган.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган П.Г. аттуу жаран кармалып, Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмышка эркектердин ортосундагы чыр-чатак себеп болгон.

Учурда бардык зарыл болгон ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Пикир

Оставить комментарий