• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК уюшкан кылмыштуу топтун каттоодо турган 10 мүчөсү менен профилактикалык сүйлөшүү өткөрдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзгөн ишинин алкагында Чүй облусунун аймагында жашаган уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен профилактикалык сүйлөшүү өткөрдү.

Атайын кызматтан билдиришкендей, алардын баары КР ИИМдин каттоосунда турат.

1. Исхаков Израиль Мавладинович (Борода), 05.04.1970-жылы Чүй облусунда туулган, жашаган дареги Сокулук району, Арал айылы, А.Батукаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү;

2. Хутаев Мирза Газимагомедович (Мирза), 02.03.1978-жылы Чүй облусунда туулган, жашаган дареги: Сокулук району, Восточный айылы, А.Батукаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү;

3. Койчалиев Адилет Баатырканович (Короб), 1988-жылы 17-январда Нарын облусунда туулган, жашаган дареги: Сокулук району, Шопоков шаары, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү;

4. Кульгелдиев Өмүрбек Каримович (Омка), 09.04.1987-жылы Чүй облусунда туулган, жашаган дареги: Сокулук району, Шалта айылы, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү;

5. Нусупов Нургазы Калабаевич (Ипи), 1973-жылдын 6-декабрында Талас облусунда туулган, жашаган дареги: Сокулук айылы, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү жана классташы;

6. Рысалиев Рустам Жумабекович (Чумик), 03.03.1982-жылы Чүй облусунда туулган, жашаган дареги: Сокулук району, Шопоков шаары, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү;

7. Шаршенбаев Нурбек Мухамедович (Бапай, Дан-Дан), 1982-жылы 30-январда Чүй облусунда туулган, жашаган дареги: Бишкек шаары, Асанбай кичи району, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү;

8. Апышов Бакытбек Шаймааранович (Баха Точка), 1975-жылдын 27-сентябрында Нарын облусунда туулган, жашаган дареги: Сокулук району, Новопавловка айылы, Тынчтык конушунун, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү;

9. Бөрүбаев Мирлан Зарылбекович (Мики боксер), Россия Федерациясы, Москва шаарында 08.05.1969-ж.т., жашаган дареги: Сокулук айылы, Калинина көч., К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү;

10. Өмүракунов Зыпар Карыпбекович (Зыпа), 03.03.1981-жылы Жалал-Абад облусунда туулган, жашаган дареги: Сокулук району, Шалта айылы, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү.

Жогоруда аталган адамдар кылмыштуу топторго аралашуудан, “уурулардын идеяларынан жана түшүнүктөрүнөн” баш тартышты.

Учурда Улуттук коопсуздук органдары тарабынан мамлекеттик кызмат адамдарынын уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен болгон кылмыштуу байланыштарын аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган тиешелүү чаралар көрүлүүдө, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнүн жер алдамчылыктарына катыштыгын аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий