• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таласта жергиликтүү тургундар майыптыгы бар жаранга үй куруп беришти

Аймак 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Талас районундагы Көк-Кашат айылынын тургуну майыптыгы бар Эрмек Бактияр уулуна жаңы үй куруп берилди.

Муфтияттан билдиришкендей, демилге айыл имамы Бакыт Сатыбалдиев жана айыл тургуну Осмон Сарымсаков тарабынан көтөрүлгөн.

Демилгени айыл эли колдоп, 1 млн 200 миң сом чогулган. Жалпы аянты 18 сотых болгон үйдүн короосунда жаңы тамдын дубалы тургузулуп, короо-сарайы менен бүткөрүлгөн.

Ак өргөөлүү болгонуна кубанган Эрмек Бактияр уулу айыл элине ыраазычылык билдирди.

Казыяттан белгилешкендей, аталган айыл элинин ынтымагы бекем.

Пикир

Оставить комментарий