• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Кытайдын темир жол ишканалары узак мөөнөттүү кызматташууну бекемдейт

Коом 0

Бишкек, 15.05.22. /Кабар/. Кечээ, 14-майда "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиевдин Кытайдын "Жарандык инженердик-курулуш корпорациясы" ЖЧКсынын вице-президенти Гуан Цзязин менен эки тараптуу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар узак мөөнөттүү кызматташууну бекемдөөгө жана мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

"Кытайлык жарандык инженердик-курулуш корпорациясынын" өкүлдөрү "Кыргыз темир жолу" ишканасы менен узак мөөнөттүү кызматташуусун бекемдөө боюнча долбоорлорго катышууга даяр экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий