• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек троллейбустарында отургучтар жаңыланды

Коом 0

Бишкек, 15.05.22. /Кабар/. Шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн Бишкек троллейбус башкармалыгы кыймылдуу курамдагы отургучтарды жаңылады. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле башкармалыктын адистери эски отургучтарды оңдоп, отургучтардын сыртын кир көтөрүмдүү кездеме менен каптап чыгышты. Орундуктун жапкычтарын кеңседе иштеген тигүүчү даярдаган.

Эске салсак, күнүнө орто эсеп менен 135-140 троллейбус каттамга чыгат.

Урматтуу шаардыктар! Муниципалдык менчикке аяр мамиле жасап, шаардын эмгекчилеринин эмгегин урматтаңыздар.

Пикир

Оставить комментарий