• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте дайынсыз жоголгон 65 жаштагы пенсионер изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.08.19. /Кабар/. Бишкекте дайынсыз жоголгон 65 жаштагы пенсионер изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициядан белгилешкендей, 8-август күнү Октябрь райондук милиция кызматына М. А. аттуу шаардын тургуну кайрылып, анын 65 жаштагы атасы Гани Абдурахимовду издөөгө жардам берүүнү суранган.

Анын айтымында, 7-август күнү болжол менен саат 09:00дө Ахунбаева көчөсүндөгү Улуттук онкология борбору жакта белгисиз тарапка кетип, үйгө кайтып келген эмес.

Анын кайсы жерде жүргөнү азыркыга чейин дайынсыз.

Белгилери: бою 160-170 см, арык чырай, чачын ак баскан, кыска.

Кийген кийими: футболка, шым, көк түстөгү баш кийим жана бутунда кара түстөгү спорттук бут кийим.

Өзгөчө белгилери: эс-тутумун жоготуусу менен жабыркайт.

Милиция, жоголгон Абдурахимовду көрүп-билгендер болсо 102 кызматына же (0312) 54-41-84, 0709 99-79-11 номерине кайрылууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий