• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте троллейбус айдоочулары жолдо жүрүү, тартип сактоо жөнүндө эскертилди

Коом 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Бишкек троллейбус башкармалыгынын жетекчилиги Бишкек шаардык кайгуул кызмат башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда троллейбус айдоочулары менен атайын жолугушуу өткөрдү.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда алар борбордун троллейбустарынын ишин жакшыртуу боюнча маселелерди жана пландарды талкуулашты.

Тактап айтканда, троллейбустардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында, акыркы 9 айда башкармалыктын айдоочуларынын күнөөсү менен келип чыккан бардык учурларга анализ жүргүзүлгөн.

"Ал эми троллейбустун айдоочулары шаардын Манас, Байтик баатыр жана Чүй сыяктуу борбордук көчөлөрүндө коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке бөлүүнү сунушташты", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, башкармалыктын жетекчилиги жана Бишкек шаардык кайгуул кызмат башкармалыгынын инспектору айдоочууларга унаа башкаруу учурунда уюлдук телефондорду колдонуу, жол эрежелерин бузуу, тамеки чегүү, таштанды ыргытуу жана башка этика жана тартип бузууларды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында айдоочуларга жол эрежесин бузуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий